Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Өзгөчө тойлор: Баткендик Сүймөн менен Гүлзада үлпөт тойдо экскаватор менен сейилдешкен (фото)

Turmush -  Баткен районунун Зарташ айылындагы жубайлар — 24 жаштагы Сүймөн Абдыразаков менен 20 жаштагы Гүлзада Мунарбек кызынын үйлөнүү тоюнда достору экскаватор жалдап келишкен. Экөөнүн үйлөнүү тою 2016-жылдын ноябрь айында өттү.

«Досторумдун белеги мага да, келинчегиме да абдан жакшы маанай тартуулаган. Кыштын ызгаарына карабай ал унаа менен сейилдегенбиз», - деди Сүймөн Абдыразаков.

Сүймөн менен Гүлзада 1 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Келинчеги үчүн 120 миң сом калың бергенин айтты. Ал эми, тойго жалпы 200 миң сомдон ашык каражат сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2478
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу