Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ош

Кара-Сууда өрттөнгөн кафенин газга ууланган ашпозчусу оор бойдон калууда

Turmush -  Кара-Суу районундагы Нариман айылында жайгашкан кафеде өрт чыккан учурда катуу жабыркаган ашпозчунун абалы оор бойдон калууда. Бүгүн, 14-июлда Ош облустук ооруканасынан билдиришкендей, 1999-жылы туулган Абдырахман газга ууланган. Дарыгерлер бейтаптын абалын жакшыртуу аракеттерин көрүп жатат.

12-июлда «Встреча у Дастана» кафесинде өрт чыгып, 1970-жылы туулган ашпозчу аял күйүп каза болгон. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, газ баллон жарылганда кафенин чатыры жана желим шыбы, 8 даана желим эшик, 10 даана желим терезе, эмеректер, төшөк, килемдер, столдор жана отургучтар өрттөнүп кеткен.

Ош ШИИБ бул факты боюнча тиешелүү экпертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1400
Көп окулду
×