При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Уулжан жеңе Таласка конокко келип, келин болуп калып калган (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдө өскөн 58 жаштагы Смайылбекова Уулжан жеңе Таласка конокко келип, биротоло келин болуп калып калган. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отродное айылында өскөн. Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылына келин болду. Кесиби боюнча мугалим.

«Курсташ кызымдын эжеси менен жакшы тааныш болгондуктан, 1979-жылы Таласка курбу кызым экөөбүз конокко келгенбиз. Ошол жерден курбу кызымдын жездесинин иниси алып калды. Курбу кызымдын жездеси менин улуу кайын агам болуп калды. Конокко келем деп Смайылбеков Уланбек аттуу жигитке турмушка чыгып, Таласка калып калдым. Орусча сүйлөгөндүктөн, алгач кыргызча жакшы билбей кыйнала берчүмүн.

Бир күнү жездем үйгө келсе, "Узак жезде" деп сүйлөй бериптирмин. Мени көзүнүн кыйыгы менен улам карап коёт. Көрсө, ал ошол үйдүн улуу баласы – кайын агам экен. Аны тергей албай, уят болгом. Ошентип, курбу кызымдын эжесине абысын болуп отуруп калгам», - деди ал.

Уулжан жеңе 4 баланын апасы. Жолдошу экөө тең мектепте мугалим болуп эмгектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 764
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×