Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - 40 миңдей калкты тейлеген Шамалдуу-Сайдагы ооруканада тамак бышыруучу плиталар иштебейт

Turmush -  40 миңге жакын калкты тейлеген Шамалдуу-Сай шаарчасындагы ооруканада тамак бышыруучу плиталар иштебей жатат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Манас Медерканов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн ооруканадан кабар алган учурунда билдирди.

Анын айтымында, оорукана шаарчадагы 11 миңден ашуун калкты гана тейлебестен, Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын, Ноокен районуна караштуу Достук айыл аймагынын калкын жалпы 40 миңге жакын калкты тейлеп келишет.

Оорукананын негизги имараты пайдаланууга берилгенден бери бир да жолу чатыры алмашкан эмес. Эл аралык уюмдарга чатыр алмаштыруу үчүн жазган долбоорлору колдоо таппай жатат. Андагы имараттын чатырын алмаштыруу зарылдыгы күч болуп турат. Ал эми жугуштуу оорулар, стерилизация бөлүмдөрү эски имараттарда жайгашкан, бул бөлүмдөрдү бириктирген өзүнчө имарат салуу пландалып жатканын айткан борбордун жетекчиси имарат тургузууга көмөк көрсөтүүнү облус жетекчисинен суранды.

Ошондой эле, ал оорукананын ашканасы түрткү берүүчү гранттын эсебинен оңдолуп, бирок тамак жасоочу плиталар иштебей жатканын айтты.

«Ашкана жаңыланганы менен тамак бышыруучу плиталар эскирип, иштебей калды. Бул бейтаптар жана биз үчүн кыйынчылыкты жаратып жатат. Тамак бышыруучу плиталарды алуу үчүн 80 миң сом каражат талап кылынат экен. Дагы бир биздеги көйгөй кандын компоненттерин сактаган муздаткычыбыз эскирип калды, жаңылаш керек болуп турат», - деди ал.

Облус жетекчиси имарат көйгөйү боюнча долбоорду жөнөтүүнү шаар бийлигине табыштады жана келээрки жылга планга киргизүүгө аракет жасаарын билдирди. Ал эми тамак-аш бышыруучу плита, муздаткыч жетишсиздиги маселесин өзүнүн фондунан каражат бөлүү менен чечип бермей болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 934
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×