Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Бишкектен келген жаш дарыгер Ш.Жапаркулов өмүр бою жумгалдыктарга кызмат кылууну каалайт (фото)

Turmush -  27 жаштагы Шабдан Жапаркулов Бишкек шаарында эмгектенип жатып, жаш дарыгерлер депозити менен Жумгал райондук аймактык ооруканасына келген. Ал 1,5 жылдан бери аталган ооруканада хирург-уролог болуп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы жаш дарыгер менен таанышты.

Шабдандын ата-теги Жумгал районунун Байзак айылынан болот. Өзү 1990-жылы Токмок шаарында төрөлүп, ошол жакта өскөн. Алгач №5 орто мектебинен 11 жыл билим алып, андан кийин билимин Кыргыз улуттук медициналык академиясынын дарылоо иштери факультетинде уланткан. Бул окуу жайды 2014-жылы бүтүрүп, 2 жыл урология боюнча ординатурада окуду. Бюджеттик негизде жогорку билим алган Шабданды министрлик жаш дарыгерлер депозити менен 2016-жылы Жумгалга жиберген.

«Мен өз кесибимди сүйүп, кыргыз элинин ден соолугуна кам көрүү үчүн ушул жерге келдим. Буга чейин эле эмгек акынын аздыгына жана турмуш шарттын татаалдыгына карабай өз кесибим менен иштөөгө бел байлагам. Келечекте бул жакта калып, өмүр бою Жумгалдын элине кызмат кылгым келет.

Жаш дарыгерлерге депозит программасы эң жакшы. Бирок, анын убактысы 3 жыл гана белгиленген. Бул жерде жаштардын турак жай маселеси бар, өзгөчө сырттан келген дарыгерлер үчүн оор. Жергиликтүү бийлик турак жай маселесин чечип берсе жакшы болмок. Айрым учурларда биздеги жаш дарыгерлер ооруканага түнөп, жашап калгандары да бар», - деди Ш.Жапаркулов.

Шабдан өзү бир 5 тууган. Атасы Кабакбек Жапаркулов 64 жашта, кесиби хирург-уролог. Учурда Токмок шаарындагы ооруканада иштейт. Ал эми, апасы Бактыгүл Өмүрова 58 жашта, кесиби боюнча акушер.

«Жаш дарыгерлер депозити аркылуу 4 тараптуу келишим менен келгенбиз. Биринчи келишим боюнча мен өз кызматымды аткарып жатам. Экинчи келишим менен министрлик депозит төлөп жатат. Үчүнчү келишимдин негизинде оорукананын администрациясы өз убагында эмгек акыбызды төлөп, жумуш орундарын таап берүүдө. Ал эми, акыркы келишим менен жергиликтүү бийлик турак жай маселесин чечип бериши керек болчу. Бирок, бул жакта ал маселени карашпайт экен.

Жаш дарыгерлерди тоолуу аймактарга тартсак болот, бирок эмгек маянанын аздыгынан келишпейт. Мындан тышкары, турак жай маселеси чечилбесе эмгектенүү кыйын», - деди жаш дарыгер.

Жумгал районуна мамлекеттик депозит аркылуу 6 жаш дарыгер келген. Алардын экөө турмуш шартка байланыштуу кайрадан кетип калышса, калгандары иштеп жатышат. Депозиттин негизинде бир дарыгер 3 айда бир жолу 26 миң сом кошумча акы алып турат.

Учурда Жумгал району боюнча 6 үй-бүлөлүк дарыгер, 1 эндокринолог, 1 кардиолог, 1 балдар дарыгери, 2 анестезиолог дарыгери жетишпейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6504
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×