Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптө көлгө чөгүп каза болгон жигиттердин сүрөттөрү

Turmush -  Түп районунда эс алуу учурунда көлгө чөгүп кетип каза болгон жигиттерди ОшМУнун студенттери сабакты мыкты окуп, коомдук иштерге активдүү катышып, спорт менен машыккан студенттер катары жакшы таанышчу. Университеттин жамааты азырынча бул окуяга байланыштуу маалымат бере элек.

Алгач кырсыктан көз жумгандар кыздар экени маалымдалган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Э.Сатылганов маалыматты тактап, каза болгондордун бири — 1994-жылы туулган Асан уулу Нурмухамед, экинчиси — 1996-жылы туулган Аманкулов Бектурган экенин билдирди.

ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы Б.Казакбаев кабарчыга билдиргендей, окуя кечээ, 13-июлда саат 12:30 чамасында Ынтымак айылындагы «Үмүт» (мурунку «Факел») эс алуу жайында болду. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар денелерди саат 14:30да жана саат 16:20да алып чыгышкан.

Адистердин айтымында, катамаранга жалпы 4 жигит отуруп, көлдүн терең жерине чейин барышкан. Капыстан катамаран оодарылып кетип, алардын экөө өз алдынча жээкке сүзүп чыккан. Район акими С.Исмаилов жергиликтүү бийлик балдардын денесин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы айылдарына жеткирүүгө көмөк көрсөткөнүн кошумчалады.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын абалы жакшы экенин билдирген.

Бектурган Аманкуловдун сүрөттөрү: 

Асан уулу Нурмухамеддин сүрөттөрү:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 32585
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×