Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

«Жеңеке»: 26 жаштагы Элиза экинчи жолу эгиз төрөдү (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Элиза Ташпулатова көп балалуу энелердин катарын толуктайт. Учурда ал 5 баланын бактылуу апасы. Кичинекей кезинен бери эгиз балалуу болууну кыялданган Элиза 2 жолу эгиз төрөдү.

Жолдошу Нуржигит Арзибаев менен эжеси аркылуу таанышып баш кошушкан. Өзбекстанда өскөн кыргыз кызын жолдошу бир көрүп жактырып калган.

«Мен көп жылдар бою Москва шаарында иштеп жүрүп, 30 жашка чейин үйлөнгөн жокмун. Жубайым Элиза Ош шаарында жогорку окуу жайда окуп жүргөндө кайнежем аркылуу таанышып калганбыз. Аны бир көргөндө эле жактырып, 2-3 жолу жолуккандан кийин үйлөндүк. Экөөбүздүн ортобузда 10 жаш айырма бар», - деди Н.Арзибаев.

Нуржигит менен Элиза 2011-жылы баш кошушкан.

«Мен азыр 26 жаштамын. Кичине кезимден эле эгиз балдарым болсо деп кыялданчумун. Эң улуу балабыз — Ариет, андан кийинки эгиз уулдарым — Далил, Данил, кийинки эгиздер — Бекзат менен Перизат. Кичүүлөрү 9 ай мурун төрөлгөн. Учурда мага Ариет жардамдашат. Эгиз балалуу болгондогу сүйүнүчтү сөз менен айтып бере албайм, ал — өзгөчө сезим», - деди Элиза Ташпулатова.

Апасынын айтымында, эгиздер Далил 3 кг 600 гр салмакта, Данил 3 кг 200 гр салмакта төрөлгөн. Ал эми, Бекзаттын салмагы 3 кг 200 гр болсо, Перизат төрөлгөндө 2 кг 800 гр болчу.

Нуржигит мырза учурда досторун тамашалап: «Кеч үйлөнсөм дагы силерге жетип алдым», - деп калат. Ал тайларында эгиздер бар экенин кошумчалады.

Э.Ташпулатова кесиби боюнча информатик мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6036
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
дичка
17:52, 13 июля 2017
счастливая... завидую белой завистью
комментарий удален администрацией сайта
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу