Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баткен

Өзгөчө тойлор: Баткендик Раджапали менен Махабат үлпөт тойго трактор менен келишти (фото)

Turmush -  Баткен районунун Чоң-Кара айылындагы 25 жаштагы тракторист Раджапали Анарбай уулу өзүнүн үйлөнүү тоюнда келинчегин оор жүк ташуучу унаалар менен алып келген.

Анын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргенине караганда, элден башкача той өткөрүүнү көздөп, ушул идеяга токтолгон. Оор жүк ташуучу унааларды жалдоо жеңил унааларга караганда арзан дагы болгон. Үлпөт той 2017-жылдын 12-февралында өтүп, жалпы 300 миң сомдой каражат сарпталды.

«Келинчегим экөөбүз 1 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Жубайым тоюбузда трактор менен сейилдөөгө чыгабыз деген оюма каршылыгын көрсөткөн эмес», - деди ал.

21 жаштагы Махабат Шарипжан кызы трактор менен үлпөт тойго баруу ал үчүн күтүлбөгөн белек болгонун белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6012
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×