Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.07.2017 09:26

Нарында «Китепке эс алуу жок» акциясы башталды (фото)

Turmush -  Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкананын балдар жана өспүрүмдөр бөлүмүндө «Китепке эс алуу жок» акциясы башталды. Бул тууралуу китепкананын кызматкери Сайрагүл Бабаканова билдирди.

Анын айтымында, аталган акция балдарга китеп окууга стимул болуу максатын көздөйт.

«Жыл сайын ушул иш-чараны өткөрүп келебиз. Балдар бош убактыларында бул жерге келип, китеп окуп, кызыктуу оюндарды ойношот. Катуу кагаздардан жомоктогу айбанаттардын сөлөкөттөрүн жасап, ар кандай темадагы сүрөттөрдү тартышат. Кээде алар ата-энелери менен бирге келип, китеп дүйнөсүнө кирип, эс алуусун көңүлдүү өткөрүшөт», - деди ал.

Бул бөлүмдө 4500 окурман бар. Күн сайын 100гө чукул окурман келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×