Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Видео, фото - Кадамжайдагы селдин кесепеттери

Turmush -  Баткендеги Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу жана чыгымдарды тактоо иштери жүрүп жатат.

ӨКМдин маалыматына караганда, кечээ, 11-июлда саат 18:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кулду айылында, Орозбеков айылынын Учкун, Гузар тилкелеринде сел жүрүп, селдин агымынан электр мамычалары, ички чарбалык арыктар, жолдор зыянга учураган. Адамдар жабыркаган жок.

Селдин улам Орозбеков айыл аймагында электр энергиясы атайын өчүрүлгөн. Селдин кесепетин жоюу үчүн  райондук жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы, Кадамжай райондук бөлүмдүн башчысы, куткаруучулар жана керектүү техникалар тартылган. Жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, келтирилген зыяндар тууралуу алдын ала маалымат берилди.

Селден келтирилген зыяндар тууралуу алдын ала маалымат

Орозбеков айылында 1 турак үйдү толугу менен сел бузуп кеткен. 4 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирип, 6 турак үйдүн короолоруна сел калдыктары толгон. 3 ички чарбалык көпүрөнү агызып, 300 метр ички чарбалык жол, 500 метр ички чарбалык арыктар кум-шагылга толгон.

Ош—Айдаркен унаа жолунун 135-чакырымындагы көпүрөнүн сол жээгин сел жууп, жанындагы чоң чыңалуудагы электр мамысы жыгылып, көпүрөнү басып калган. Учурда аталган унаа жол бир тараптуу ачылды.

Кулду айылында 6 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирип, 9 турак үйдүн короолоруна сел калдыктары толгон. 4 ички чарбалык көпүрөнү сел агызып, 700 метр ички чарбалык жол, 1 чакырым ички чарбалык арыктар кум-шагылга толгон.

Кадамжай шаарындагы Автобаза аймагындагы көпүрөнүн оң жээгин сел суулары жууп, авариялык абалга келди. Ошондой эле, 5 чоң чыңалуудагы жана 10 электр мамычаларын сел суулары бузуп кеткен.

Тактоо иштери бүгүн, 12-июлда улантылат.

Кадамжай районундагы Охна айылы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2496
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:44,   20.09.2017   ( 137 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу