Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусуНоокен району 11.07.2017 15:46

Ноокенде бир нече мектеп курулууда

Turmush -  Ноокен районунда мектептер менен бала бакчалар мамлекеттин эсебинен тургузулууда. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев билдирди.

Анын айтымында, курулуп жаткан имараттардын катарында курулушу 1990-жылдардан кийин башталган Достук айыл аймагына караштуу Т.Анаркулов атындагы орто мектептин, Сакалды айыл аймагында тургузулуп жаткан 100 орундуу балдар бакчасынын имаратын, Ноокен айыл аймагына караштуу №13 Рахманжан атындагы жана Сакалды айыл өкмөтүндөгү №38 А.Тургунбаев атындагы орто мектептердин кошумча имараттарын атоого болот.

«Бүргөндү айыл аймагында АРИСтин эсебинен №24 Ө.Каипов атындагы орто мектепке спорт комплекси тургузулууда. Райондун борбору болгон Масы айылында жакшы окуган окуучулар жана социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн социалдык мектептин курулушу жакынкы айларда  бүткөнү турат. Араб инвесторлору каржылаган сметалык баасы 162 миллион сомдук бул социалдык мектеп 168 орунга эсептелген», - деди Б.Козуев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×