Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Чүй облусуЫсык-Ата району 11.07.2017 12:36

Айыл турмушу: Мугалим Г.Абдыкееваны окуучулары тамашага салып, жашыруун камерага тартып алышкан (фото)

Turmush -  Гүлнур Абдыкеева Ысык-Ата районунун Кеӊеш орто мектебинде 18 жылдан бери тарых жана география сабагынан мугалим болуп эмгектенүүдө. Ал эл агартуу тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн бир нече грамоталардын ээси болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

WhatsApp Image 2017-07-10 at 16.04.16

WhatsApp Image 2017-07-10 at 16.03.42

«Эл агартуу тармагында 18 жылдан бери эмгектенип келем. Өзүм Ысык-Ата районунун Буденовка орто мектебин 1986-жылы аяктап, жогорку окуу жайга өткөм. Эмгек жолум Ивановка №2 орто мектебинен башталды. Жетишкен ийгиликтерим үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим берүү жана илим министринин ардак баракчалары менен сыйлангам.

Окуучуларга сабакты кызыктуу жана өзгөчө өткөрүүгө аракет кылам. Азыркы мезгилдин талабы болгон инновациялык ыкмаларды колдонуу менен ачык сабактарды өткөрүп келем. Ошол эле маалда райондук масштабдагы ачык сабактарды өткөрүп жүрөм», - деди ал.

Г.Абдыкеева бош убактысында кийим тиккенди, жүндөн байпак, мээлей, топу түйгөндү жана иш бөлмөсүнө гүлдүн түрүн өстүргөндү жактырат.

«Бир күнү класска кирсем, демейде чуру-чуу түшкөн окуучулар тыптынч. Мага алар ушундай бир берилип сабак окуп жаткандай туюлду. Таң калдым. Эч нерседен шек албай ордума отуруп, окуучуларга кайрылып сүйлөсөм эч ким үн дебейт. Баары мени көрмөксөн, жооп жок. Ачуум келип, "эмне унчукпайсыӊар" деп бир кыйкырып жиберсем, баары мени карап каткырып жиберишти. Көрсө мени эмне кылар экен деп, видеого тартып жатышыптыр», - деди ал.

Гүлнур Абдыкеева Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 1969-жылы 5-ноябрда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 2 уулдун апасы.

«Жолдошум Иманалиев Эркимбек экөөбүз Кеӊеш айылында турабыз. Ал азыр мектепте кароолчу, улуу кызым Мээрим студент. Андан кийинки уулум Кайрат иштеп жатса, кызым Эркайым 6-класста, уулум Жаннат 5-класста окуйт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×