Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

«Жеңеке»: 21 жаштагы өзбек кызы Мафтуна тынбай келген жуучулардан качып, кыргыз жигитке турмушка чыкты (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — өзбек кызы Мафтуна Исраилова. Ал Кара-Суу районунун Маданият айылында өсүп, 21 жашында Папан айыл өкмөтүнө кыргыз үй-бүлөгө келин болуп барды.

«Жолдошум Шумкар экөөбүз социалдык тармак аркылуу таанышып, жолугуштук. Алгачкы күндөрү эле өзбек кызы экенимди айттым. Бирок, ал ишенген жок. Жолугушууда да кыргыздарга окшош экенимди айтып, жакын мамиледе болууну сунуш кылды. Биздин салт боюнча кыздар эрте турмушка чыгат эмеспи. Экөөбүз жаңыдан сүйлөшүп жатканда мага өзбек жигиттери ата-энелерин жуучу кылып жиберип жатты. Бизде кыз бойго жеткенде үйгө күн алыс жуучулар келе берет. Жуучулар тууралуу Шумкарга айтсам, “алардан баш тарт, сени өзүм келинчек кылып алам" деди. Биз 5 ай сүйлөшүп жүрүп баш коштук», - деди жеңеке.

Алгач эки жаштын баш кошуусуна каршы чыккандар болгон.

«Менин ата-энем сүйүп баш кошкондуктан, бизди да сүйгөн адамыбызга берерин айтып тарбиялашкан. Мага чейин эки эжем кыргыз жигитке турмушка чыккандыктан, биздин үйдө каршылык болгон жок. Бирок, жолдошум тараптан “кыргыз кыз калбай калыптырбы?” деген сөздөр көп айтылды. Папанда башка улуттан кыз алуу жат көрүнүш.

Алгач келин болуп келгенде “өзбек келинди көрөлүчү” дегендер көп болду. Кандай кийим кийгенимден тартып, мен бышырган тамактар, жасаган жумуштар көпчүлүккө кызык болду. Көңүл чордондо болгондуктан, мүмкүн болушунча жакшы сапаттарымды көрсөтүп жаттым. Мен кыргыз мектепте окуп, жогорку билимди да кыргыз тилинде алгам. Андыктан, кат жазууда же сүйлөгөндө кыргыз тилинен ката кетирбейм. Ашканада кандай кожейке экениме кызыккандар үчүн кээде өзбек даамдарын да бышырып берем. Бүгүнкү күнгө чейин кайын журтума алыскы туугандардан тартып, айылдаштар дагы мен тууралуу көп суроолорду беришет экен», - деди Мафтуна.

Учурда жолдошу Шумкар экөө биринчи наристесин күтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 25617
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу