Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Баткен облусуБаткен району 11.07.2017 12:16

Баткендин Кара-Булак айылындагы лагерге эс алууга 100 бала келди

Turmush -  Баткен районунун тоолуу Кара-Булак айылындагы «Алтын-Бешик» эс алуу лагери 6-июлда эс алуучу балдардын экинчи тайпасын кабыл алды.

Лагердин жетекчиси Айтунук Казакованын айтымында, учурда 100 бала эс алууда. Биринчи тайпадагы 100 бала 14-июндан 24-июнга чейин эс алып кеткен. Бул жердеги окуучулар облустун бардык район, шаарларынан келишкен.

Ошондой эле, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана жетим калган балдар эс алышат. Эс алуучуларга 4 маал тамак берилет. Алардын коопсуздугун бир милиция кызматкери жана бир медицина кызматкери көзөмөлгө алууда.

Лагерь быйылкы жылга карата жергиликтүү бийликтин колдоосу менен 80 миң сомго оңдолгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×