При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 1 адам каза болду, жабыркаган 15 адамдын экөө эгиз балдар (тизме)

Turmush -  Тоң районунда жол кырсыктын кесепетинен бир аял каза болуп, 13 адам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, Балыкчы–Каракол унаа жолунун 101-чакырымында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус менен «Мерседес-Бенц Вито» унаасы кагышкан. Экинчи унаанын ичинде жалпы 12 адам, ал эми «Мерседес-Бенц» унаасынын ичинде 2 адам болгон. Жол кырсыктан каза болгон аял 1958-жылы туулган Б.Ш.Т. экени такталды.

Кийинчерээк Turmush басылмасынын кабарчысы тактагандай, жол кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 15 адам жабыркаган. Жараат алгандардын арасында 2 жаштагы эгиздер дагы бар. Алар Тоң райондук аймактык ооруканасына жеткирилип, 3 адам жандандыруу бөлүмүнө, 3 адам шашылыш жардам берүү бөлүмүнө, 9 адам хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Көз жумган Б.Ш. Кажы-Сай айылынын тургуну экени аныкталды.

Жабыркагандар:

1) М.Чынгыз, 1989-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;

2) Б.Амидей жана Амадео (эгиздер), 2015-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургундары;

3) Б. Бегайым, 1991-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;

4) А.Айзада, 1994-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну;

5) А.Адина, 2011-жылы туулган, Кызыл-Суу айылынын тургуну;

6) С.Кундуз, 1992-жылы туулган, Ысык-Ата районунун тургуну;

7) М.Кубанычбек, 1959-жылы туулган, Саруу айылынын тургуну;

8) З.Айжан, 1998-жылы туулган, Кызыл-Суу айылынын тургуну;

9) К.Таалайбек, 1989-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;

10) Т.Эржан, 1996-жылы туулган, Кызыл-Суу айылынын тургуну;

11) М.Бакыт, 1990-жылы туулган, Кажы-Сай айылынын тургуну;

12) М.Баяман, 2013-жылы туулган, Кажы-Сай айылынын тургуну;

13) М.Назик, 1992-жылы туулган, Кажы-Сай айылынын тургуну;

14) Т.Али, 2015-жылы туулган, Кажы-Сай айылынын тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1345
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу