Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусуТүп району 04.07.2017 10:10

Диний көз караштан улам баласын мектепке жибербей, үйдө кармап келген түптүк жубайлар ата-энелик укуктан ажыратылды

Turmush -  Түп районунда жашаган Б.Ш. менен жубайы М.Э. диний көз караштан улам 12 жаштагы баласын мектепке жибербей, үй камагында кармап келишкен. Буга байланыштуу алар ата-энелик укуктарынан ажыратылды. Бул тууралуу Түп районунун прокурорунун жардамчысы Артур Токторбаев билдирди.

Анын айтымында, Түп районунун Ак-Булак айылынын тургундары — 1960-жылы туулган Б.Ш. жана 1965-жылы туулган М.Э. 2005-жылы туулган баласы Ш.Б.ны ислам дининде эркек балдар дин сабагын гана окушу керек деген шылтоо менен 2012-жылдан бери мектепке жибербей келген.

КРнын «Балдар жөнүндө» кодексинин 10-22-32-беренелеринин негизинде УКМК, прокуратура, РИИБ, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмү, социалдык кызматкерлер, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана имам-хатиб тарабынан ата-энеге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келгенине карабай, КРнын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесин одоно бузушуп, баласынын билим алуу укуктарын чектеп, азыркыга чейин баласын мектепке жибербей, эч ким менен сүйлөштүрбөй, аны үй камагында кармап келишкен.

«Бир нече жолу зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча Ак-Булак айыл аймагынын жана райондун штабында балдар менен иштөө комиссиясында каралып, райондун имамы тарабынан дин боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алар баласын үйдөн окутууга макул болушуп, бирок барган мугалимдерди үйүнө киргизбей коюшкан.

2016-жылы үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмү (ОПСД) тарабынан «Баланы коргоо» планы түзүлүп, профилактикалык иштерден жыйынтык чыкпагандыктан Б.Ш.нын ата-энесинин укуктарын ажыратуу суралат. Бул маселенин чыгышына апасы М.Э. (кесиби боюнча башталгыч класстын мугалими) 1-4-класстын программаларын өзүм окутам деп мугалимдерди кетирип жиберип, бирок өзү окутпаганы себеп болгон. Үй-бүлө кодексинин 68-беренесине ылайык, ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланы тарбиялоого, алардын билим алышына камкордук көрүүгө, жашына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша анын иш аркетин жетектөөгө укуктуу жана милдеттүү. Ата-энелер баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү. Ата-энесинин экөө тең бирдей деңгээлде баланы тарбиялоо жөнүндө кам көрүүгө, тиешелүү түрдө багууга, аны материалдык жактан кармоого, турак жай менен камсыз кылууга милдеттүү.

КРнын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинде ата-энелер негизги билим алууда балдардын жашоосу, окуусу жана алардын шыгын өрчүтүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүгө, алардын дене-боюнун жана психикалык саламаттыгына дайыма кам көрүүгө, жалпы билим берүү уюму менен үзгүлтүксүз кызматташууну колдоого милдеттүү деп айтылганы менен Б.Ш. менен М.Э. мыйзамга каршы аракеттенип келишкен.

Мындан сырткары, атасына райондун имам хатиби тарабынан дин боюнча жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен жыйынтык чыкпагандыктан, Түп райондук соту КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 395-беренесинин 2-пункту (диний чогулуштарды, жүрүштөрдү жана башка диний аземдерди уюштуруунун жана өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген эрежелерин бузуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 500 сом өлчөмүндөгү администрациялык айып салынган. Андан дагы эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Мыйзамда каралган талаптарга каршы иш аракеттери үчүн Түп районунун прокурорунун ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндөгү доо арызы сот тарабынан канааттандырылып, бул маселеге чекит коюлду.

Эми Б.Ш жана М.Э. 2005-жылы туулган Ш.Б.га карата ата-энелик укуктарынан ажыратылды», - деди Артур Токторбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×