Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Талас

Фото - Сууга агып каза болгон журналисттер С.Өмүрбеков менен Э.Сүйүтбекованын элесине сүртүмдөр

Turmush -  Бакай-Ата айылындагы «Беш-Таш» жаратылыш паркына эс алууга барып, сууга агып каза болгон журналисттер — 34 жаштагы Сүйүн Өмүрбеков жана 38 жаштагы Эльмира Сүйүтбекова бүгүн, 3-июлда жерге берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, Эльмира Сүйүтбекованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына облус жетекчилери, туугандары, кесиптештери катышты. Анын артында жолдошу, 3 кызы, 1 уулу калды.

Сүйүтбекова Эльмира Талантбековна 1979-жылы 31-декабрда туулган. 1987-жылы Кара-Кашат орто мектебине барган. 1997-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, 1997-жылы Талас мамлекеттик университетинин филология факультетине өтүп, 2002-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 2002-жылы Талас шаарындагы Раиса Рысакова атындагы мектепте кыргыз тил мугалими;

- 2003-жылдан тарта Талас облустук телерадиокомпаниясында кабарчы-редактор болуп иштеп жүрүп, КТРКнын Талас облусу боюнча кабарчысы болуп эмгектенген;

- Андан кийин «Ала-Тоо 24», «Спутник Кыргызстан» жана жергиликтүү «Next» телеканалдарында кабарчы болуп эмгектенип келген;

- 2016-жылы Талас шаардык жергиликтүү кеңешине «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланган.

Эльмира Сүйүтбекованын 1-классында класс жетекчиси болгон Санамбү Асылбекованын айтымында, ал кичинесинен эле активдүү кыз болчу.

«Элмира кызым 1-класска келгенде эле чыйрак, сезимтал, эрктүү кыз болчу. Ошол кезде эле классты алдыга тартып, уюштургуч жагынан да күчтүү эле. Кенже классында чоң апасына акыйнек жаздырып, мектептер арасында биринчиликке алып чыккан. Чоң класска көчкөндө «Манас» айтып, облустук сынактардан биринчиликтерди алып жүрдү. Ушул кызым такшалып, таланттуу, көрүнүктүү чыкканы менен өмүрү кыска болгону өкүнүчтүү. Элмиранын элеси менин, мен окуткан классташтарынын жүрөгүндө ар дайым жашайт. Өмүрү узак болгондо алгылыктуу иштерди жасамак. Жаратканым калган өмүрүн мөлтүрөгөн балдарына берсин», - деди ал.

Студент кезиндеги куратору Талжибек Бейшебекованын айтымында, студент кезинде эле журналистикага жөндөмдүү экендиги байкалган.

«Талас мамлекеттик университети ачылып, 2-жылы гана кабыл алуу болгондо К-1-97 тайпасына Сүйүтбекова Элмира кызым тапшырган. Келгенде эле сүйлөгөнү бышык, айтканыңды так аткарган кыз экен. Аябай жакшы көрдүм, тайпадагы активисттер менен бирге ийримге катышып, ай сайын чыгып турган студенттердин гезитинде жооптуу катчы болду. «Шайыр тапкычтар» командасы менен биргеликте Кыргызстандын окуу жайларынын ичинен биринчи орундарды алып жүрүштү. Ошондо эле ичимден бул кыздан мыкты журналист чыгат деп ойлочумун. Кээ бир балдар чече албаган маселени өз мойнуна алып,чечип койчу. Дайыма адилеттүү чечим чыгарып, кемчиликтерди бетке айтканда сапаты белгилүү эле. Абдан кыска өмүр сүрдү. Өмүрү берекелүү болгондо келечекке көп салым кошмок», - деди ал.

Ошондой эле, каза болгон журналист Сүйүн Өмүрбеков да акыркы сапарга узатылып, облус жетекчилери, туугандары, кесиптештери катышты. Сүйүн Өмүрбековдун артында 3 кызы жана кош бойлуу келинчеги калды.

Сүйүн Өмүрбеков 1983-жылы 10-сентябрда жарык дүйнөгө келген. 1990-2000-жылдары Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде окуган. Кесиби боюнча экономист.

 Эмгек жолу:

- Эмгек жолун 2005-жылы Аман Токтогулов атындагы Талас облустук китепканадан баштаган;

- 2007-жылы Айбек Турдалиев менен бирге «Next FM» радиосун түзүп, ал жерде аткаруучу директор кызматын аркалаган;

- 2008-жылы «Газпром Нефть Азия» компаниясынын Таластагы филиалында экономист кызматында иштеп жүрүп, 2009-жылы банк кызматкери болуп, Бакай-Ата айылына которулган;

- 2015-жылы «Next tv» каналынын аткаруучу директору болуп кайрадан шайланып, 2017-жылдын май айына чейин ошол кызматта иштеген;

- 2017-жылдын май айынан баштап жаңы ачылган 3-каналдын Таластагы филиалынын аткаруучу директору болуп иштеп жаткан.

Окуя тууралуу:

Талас шаарында эс алуучулардын арасынан эки адам сууга агып кетип каза болду. ӨКМдин Таластагы башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя 1-июлда саат 20:30 чамасында болгон.

Саат 20:50 чамасында куткаруучулар айтылган дарекке барган кезде жергиликтүүлөр денелерди суудан алып чыгууга жетишкен. Күбөлөрдүн айтымында, агып жаткан сууга колун жууганы барган Эльмира капысынан агып кеткен. Аны көргөн Сүйүн жардам берүү максатында сууга секирип, бирок экөө тең чыга албай калган. Алар жаратылыш паркында телеканалда эмгектенген жамааты менен бирге эс алууга барышкан болчу.

(Каза болгон журналисттер)

С.Омурбеков и Э.Суйутбекова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5770
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×