Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.06.2017 15:05

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк баатыр эне жүндөн жасаган буюмдарын Японияга экспорттойт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 66 жаштагы тургуну Созул Айбашева 12 жыл мурун түзгөн жамаат менен жүндөн түрдүү буюмдарды жасайт. Элеттик чебер менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

С.Айбашеванын айтымында, жамаатта 8 айым иш менен камсыз болгон. Алар жүндү уютуу жолу менен ар кандай буюмдарды жасашат. Буюмдар «Ысык-Көл бренди» деген энбелги менен чыгарылып, Японияга экспорттолот.

«Буюмдардын өзгөчөлүгү жүндү уютуу жолу менен жасалгандыгында. Табигый таза боёктор колдонулат. Боёп жатканда өрүк, карагат, пияз колдонулат. Даярдалган буюмдар Японияга экспорттолот. Ошондой эле, атайын туристтик каттам менен келе жаткан эс алуучуларга жүндү иштетүү боюнча мастер-класстарды уюштуруп турабыз», - деди кол өнөрчү.

С.Айбашева 8 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×