Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 29.06.2017 11:02

Айыл турмушу: 18 жаштагы Е.Зиновьева туздуу камырдан жасаган сүрөттөрүн 2,5 миң сомго чейин баалап сатат (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Ивановка айылында 1998-жылы төрөлгөн Евгения Зиновьева кадимки туздуу камырдан ар түрдүү сүрөттөрдү жасап, 2500 сомго чейин баалап сатат. Ал бул өнөрдү апасынан үйрөнгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен бул өнөрдү апамдан үйрөндүм. Апам болсо россиялык уста досторунан үйрөнгөн экен. Камырдан жасалган сүрөттөрдүн баалары көлөмүнө жараша 200 сомдон 2500 сомго чейин бааланат.

Мындай өзгөчө кол өнөрчүлүк менен апам 5 жылдан бери алектенет. Мен болсо апамдын жанынан чыкпай, ага жардамдашып жүрүп, азыр өз алдымча жасап калдым.

Бир сүрөткө болжол менен бир килограммга жетпеген ун керектелет. Аны туздуу кылып жууруп, каалаган сүрөттүн формасын келтирип жасайбыз. Андан соң лак менен боёп чыгабыз. Айрымдар "камыр бузулуп кетпейби?" деп сурашат. Мен аларга "бул сүрөт эч качан бузулбайт" деп жооп берем. Себеби, мен сүрөткө курулушка пайдалана турган лакты колдоном. Анын 1 килограммы 350 сом. Ал 4-5 сүрөткө жетет», - деди ал.

Кол өнөрчү 4 бир туугандын эӊ кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×