Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 29.06.2017 09:05

Айыл турмушу: Чолпонбайдагы эң жаш баатыр жубайларга жөлөк пул берилбей жатат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 33 жаштагы тургундары Элиза Жаналиева менен жолдошу Тилек Карагулов экөө айылдагы эң жаш баатыр ата-эне. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Жубайлардын айтымында, учурда 2 уул, 5 кызды тарбиялап жатышат.

«Жубайым экөөбүз 2001-жылы баш кошконбуз. Көп балалуу болсок деген кыялыбыз бар болчу. Буйруса тилегибизге жетип жатабыз. Учурда балдарыбыздын эң улуусу Жасмина 15 жашта болсо, эң кичүүсү Айбийке май айында 1 жашка чыкты. Мен өзүм 8 бир тууганмын. Төртөөнөн айрылып, 3 кыздын арасында жалгыз уул болуп калгам. Ошондон уламбы көп балалуу болом дечүмүн. Бул балдарыбыз менен эле чектелип калбайбыз», - деди Тилек Карагулов.

Алар буга катар эле ушул күнгө чейин өкмөт тарабынан эч кандай жөлөк пул берилбегенин кошумчалады.

«Кайрылсак эле жумушуң бар, апаң пенсия алат деген жооп угабыз. Балдарды багууда материалдык керектөөлөр дагы болот эмеспи. Жубайым экөөбүз тең бүгүнкү күндө өз күчүбүз менен тапкан каражатты жеткирип, балдарыбызды камсыздап келебиз. Пенсионер апам өткөн жылдын декабрь айында каза болгон. Балдарыбызга жөлөк пул чыгып калса, керекке жарап калар эле», - деди Карагулов.

Тилек Карагулов Чолпонбай айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө жетекчи болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×