Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуСокулук району 28.06.2017 16:38

Айыл турмушу: Ушу саньда боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону М.Черикбаев эл аралык класстагы спорттун чебери болду (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Шопоков шаарынын 24 жаштагы тургуну Максат Черикбаев 6-классынан бери спорт менен машыгып келет. Ал ушу саньда жана эр таймаш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиясын аяктап, ушул эле шаардагы №106 кесиптик лицейди бүтүргөм. Андан соӊ, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын сот-прокурордук факультетин аяктагам. Учурда аталган академиянын 1-курсунун магистрантымын. Спорт менен 6-класстан бери машыгып келем. Ушу саньда боюнча спорттун чебери жана эр таймаш боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери болдум. Көптөгөн эл аралык мелдештердин жеӊүүчүсү, ушу саньда жана эр таймаш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгом.

6-класста окуп жүргөндө 9-10-11-класстын балдарынан Талас агайдын жакшы машыктырарын көп укчумун. Көп өтпөй спортко кызыгуум күчөп, классташым менен ошол агайга бардым. Машыгуу учурундагы кыйынчылыктарды көрүп, экинчи келбейм деп ойлогом. Бирок, Талас агай бизге акыл-насааттарын жана башынан өткөн окуяларын айтып бергендиктен спортту сүйүп, машыгууну уланта бердим», - деди ал.

Максат үй-бүлөдө 4 бир туугандын эӊ кичүүсү.

«Апамдын ак сүтүн, мага болгон ишенимин актоо, бул жашоодо өз ордумду табуу жана мекенибиздин өнүгүшүнө салымымды кошуу — менин келечектеги максаттарым», - деди ал.

Максат Черикбаев 1993-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Терек айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×