Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 28.06.2017 14:50

Айыл турмушу: 25 жаштагы А.Кудабаев тор токуучу жабдык иштетип, 2 га алма бак өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Кара-Суу айылынын 25 жаштагы тургуну Алдияр Кудабаев 20 миң АКШ долларына зым торлорду токуучу жабдык сатып алып, ишкерлик кылып жатат. Аймактык кабарчы жаш ишкер менен таанышты.

Анын айтымында, жабдыкты 2016-жылдын күзүндө алган. Аны менен катар өздөрү кирпич жасоочу жабдык жасап, аны да иштете баштаган. Бүгүнкү күндө 3 адам эмгектенген бул жайда күнүнө 1000 чийки кирпич чыгарылып, 20-25 миң сомдук зым тор даярдалат. Анын бардыгы Талас облусунун аймагында курулуп жаткан курулуш объектилери үчүн сатылууда.

«Бизге азыр жумушчу жетишпей жатат. Эгер дагы жумушчулар болсо 50 миң сомдук зым торлор, 150-200 даана цемент мамылар жана 1500-2000 даана чийки кирпич чыгарууга мүмкүндүк болот», - деди ал.

Алдияр Кудабаев буга катар эле 2 гектар алма бак өстүрүүдө. Анда 1000 түп алмурут жана 2500 түп карлик алмалары отургузулган. Алма бактан кийинки жылдан тарта түшүм алына баштайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×