Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуМосква району 28.06.2017 13:30

Айыл турмушу: Бир айда 30 даана жер төшөк жасаган И.Кочконова 10 жылдан бери алча өстүрүп келет (фото)

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылынын 55 жаштагы тургуну Ибадат Кочконова багбанчылык менен алектенет. Мындан тышкары, ал кыздардын себин даярдап, ишкердик да кылат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

2001-жылы жолдошу Шермырза экөө үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Баткен облусунан Чүйдүн Москва районуна көчүп келишкен.

«Жолдошум Шермырза экөөбүз 28 жыл чогуу жашап, Алмаз, Замир жана Айзирек аттуу 3 баланы тарбиялап өстүрдүк. Жолдошум шахтада иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Мындан 5 жыл мурун көз жумду», - деди ал.

Ишкер айымдын айтуусунда, жолдошу балдарынын келечегин ойлоп, ага жеке ишкерлик кылууга жол ачып берген.

«2010-жылы жолдошум, балдарымдын идеясы менен кыздын себине берилүүчү көшөгө, жаздык, төшөк, жууркандарды жасап, жеке ишкерликти баштагам. Башында жолдошум 10 миң сом пенсиясын берип, базарга соода кылып чыккам.

Учурда көшөгө, кыргыз-орус жууркандарын, 7 түр жер төшөк, 4 түр жаздык, матрас, бешик, сандык жана башка буюмдарды сатам. Бир айда 30 даана төшөк, жууркан жасайм. Базардан соода кылып бүткөндөн кийин үйгө келип, дароо төшөк жасоого киришем. Ага чейин келиним Айша майда жумуштарын даярдап коет. Кардарлар төшөктүн тигилишине абдан көңүл бурушат. Ошондуктан көбүнчө өзүм көктөйм», - деди ал.

Чебер айымдын апасы менен кайненеси да кол өнөрчү болушкан. Анын жер төшөктөрүнүн эң арзаны 800 сом болсо, кымбаты 1700 сомдон бааланат.

Ошондой эле, кол өнөрчүлүк менен гана чектелбей багбанчылык кылып, Ош шаарынан алынган алчалардын көчөттөрүн отургузуп, андан да киреше табууда.

«10 жылдан бери алча өстүрөм. Багбанчылыкты агам үйрөткөн. Жалпысынан 25 түп алча бар. Февраль айында бутайм, мартта сугарып, кык чачам. Гүлдөп калган кезде чаңдаштыруу дарысын чачам. Былтыркыга караганда быйыл түшүм мол болду. Базарда туруктуу кардарларым бар. Аларга 1 кг алчаны 100 сомдон саттым», - деди Ибадат эже.

Жыл сайын түшүм жыйналгандан кийин, алча жакшы өсүш үчүн 5 кг кургатылган тамекинин жалбырагын 200 литр сууга бир жума чылап коюп, андан соң бактарга чачып чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×