Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуБаткен району 28.06.2017 11:24

Айыл турмушу: Баткендик Ж.Кучаров үй-бүлөсү менен кирпич куюп, 3 сомдон сатат (фото)

Turmush -  Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургуну Жумабай Кучаров балдары менен кирпич куюп киреше табышат. Аймактык кабарчы үй-бүлө менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кирпичтерди ачык асман астында куят. Даяр болгон кирпичтердин 1 даанасы 3 сомдон сатылат. Күнүнө 3 миң сомго чейин пайда табышат.

«Жаздын келиши менен үй кургандар көбөйүп, буйрутмалар көп түшүп жатат. Азыр эле 22 миң кирпичке буйрутма түштү. Уул-кыздарым менен бул буйрутманы көп болсо 15-20 күндө бүтүрөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×