Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусу, Токмок 27.06.2017 18:17

Айыл турмушу: Темир уста У.Балтабаев 100 миң сомдук дарбазаларды жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 38 жаштагы тургуну Улан Балтабаев темир устачылык менен 12 жылдан бери алектенип келет. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

«Темирден бардык буюмдарды жасайм. Устачылык менен алектенип келе жатканыма 12 жыл болду. Эмгектеримди чала жасаганды жаман көрөм. Кандай буйрутма болбосун майын чыгарып, сапаттуу кылып жасап бергенге аракет кылам. Эмгек акым келишимдин негизинде бааланат. Мисалы, дарбазаларды 16 миӊ сомдон 100 миӊ сомго, ал эми бастырмаларды 800 сомдон 5 миң сомго чейин баалайм.

Кардарлар интернет желелеринен идеяларды алып, ал тургай буюмдардын сүрөттөрүн да көтөрүп алып келишет. Дал өзүндөй жасап бер деп буйрутма беришет», - деди ал.

Улан Балтабаев үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 1 уулдун атасы.

«Өзүм Кемин районунун Кичи-Кемин айылында 1979-жылы төрөлгөм. Билимим орто. Келечекте устачылыгымды дагы да өнүктүрсөм деген максатым бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×