Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусуСокулук району 27.06.2017 17:55

Жаш талант: Сокулуктук Мырзабек 15 жашынан көк бөрүгө катышып, байгелүү орундарды багындырып келет (фото)

Turmush -  Бала кезинен көк бөрүгө катышкан Мырзабек Амангелди уулу 1993-жылы Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Көк бөрү оюнуна кичинекей кезимде эле кызыкчумун. Ал эми, чоӊ мелдештерге түшүп келе жатканыма 8-9 жыл болуп калды. Кыргызстанда өткөн көк бөрү боюнча бардык мелдештерге катыштым.

21 жашка чейин жаштар арасында өткөн көк бөрү мелдештерине чыгып, 1-орунду камсыздаганбыз. Ноорузга карата президенттин кубогу үчүн болгон мелдеште финалга чейин жеттик. Келечекте «Бөрүлү» командасы менен Кыргызстандын чемпиону болсок деген тилегибиз бар», - деди ал.

Мырзабек үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү, эки агасы жана эки байкеси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×