Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 27.06.2017 16:53

Айыл турмушу: Ысык-аталык А.Салбаев 6 гектар жерде дыйканчылык кылууда (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылынын 32 жаштагы тургуну Акылбек Салбаев 6 гектар жерге буудай, арпа, жүгөрү, кызылча өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби инженер-программист. Өткөн жылы элеттин айыл чарбасынын өнүгүшү үчүн кургатуу кампасын жасаган.

«Мен дыйкан чарбага бала кезден кызыгам. Кичинекей кезимден бери ушул айыл чарба менен өстүк. Азыркы учурда бедени көп эктим. Буга чейин көбүнчө кызылча, буудай, арпа, жүгөрү өстүрүп жүрдүк. Жерибиздин кургактыгына карабай, суу маселесин өз убагында чечип, жерди өзүнүн ыгы менен иштетип жатабыз. Жерди 3-4 жылдык беде сээп семиртем. Учурда жерлерди эс алдыруу үчүн беде сээп койдум. 6 гектар жерге көп деле техника колдонбойм. Атайын кишилерди жалдап иштетебиз. Бул бедени жылына 3 жолу чаап алабыз. 1 гектардан 150-250 түк беде жыйнап алса болот.

Былтыр жүгөрү эгип, гектарынан 5 тоннадан түшүм алдым. Ошол эле маалда айыл чарбага салымымды кошуу үчүн айылга атайын кургатуу кампасын жасадым. Ага буудай, арпа сыяктуу дан азыктарын кургатса болот», - деди ал.

Дыйкан үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×