Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 27.06.2017 16:12 Жаңыланды: 27.06.2017 17:32

Айыл турмушу: Маевкалык Т.Искаков ретро унаасын 25 миӊ долларга баалады (фото)

Turmush -  Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын 67 жаштагы тургуну Төлеген Искаков ретро унааларды жаӊыртып жасоону жактырат. Ал буга чейин өткөн доордун автоунаасын жаӊыртып жасап, аны 25 миӊ долларга баалап саткан. Аймактык кабарчы ретро унаа сүйүүчү менен таанышты.

«Мен буга чейин эски ретро унааны жаӊыртып жасап, 25 миң долларга баалап саттым. Учурда 20 миӊ долларлык ГАЗ М-20 «Победа» үлгүсүндөгү автоунаам бар. Ал 1953-жылы заводдон чыккан. Бузулуп, чачыранды болуп жаткан жеринен 1800 долларга сатып алганбыз. Аны оӊдоп-түзөөгө 2 жыл убакыт кетти. Ар бир тетигин, майда-чүйдөсүн бүт колум менен чогултуп чыктым. Бир гана кузовду сырдаган жокпуз. Аны атайын малярга сырдаттым. Унааны жасап чыгуу үчүн жалпы 5 миң доллар акча сарптадык.

Билимим орто, өз учурунда Бишкектеги малярдык цехте эмгектенгем», - деди ал.

Т.Искаковдун эмгеги ушул жылдын 9-майында Жеӊиш күнүнө карата уюштурулган параддагы ретро унаалардын көргөзмөсүндө 2-орунду ээлеген.

«Короодо дагы эки ретро унаа токтоп турат. Алар ушундай эле «Победа» жана Газ-69 унаасы. Жакында эле кызым Алина Газ-69 унаасын таап, алып келип берди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×