При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

«Жеңеке»: Орус кызы О.Ижик нарындык жигитке турмушка чыгуу үчүн ислам динин кабыл алган (фото)

Turmush -  Нарынга келин болгон орус кызы Ольга Ижик жолдошу менен Бишкек шаарында иштеп жүргөн кезде таанышкан. Ал нарындык жигитке турмушка чыгуу үчүн ислам динине өткөнүн аймактык кабарчыга айтып берди.

Ольга Ижиктин айтымында, анда украин жана орус улутунун каны бар. Ольга жеңенин ата-энеси кичине кезинде ажырашып кеткендиктен Казакстандын Зыряновск шаарында таенесинин колунда чоңойгон.

«Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Ата-энебиз бала кезибизде ажырашып кетип, менден улуу байкем атамдын колунда, мен апамдын энесинин колунда чоңойдум. Мектепти Казакстандын Зыряновск шаарында аяктап, Кыргызстанга атамдын жанына келе бердим», - деди ал.

Ольга жеңе Кыргызстанга келгенде жеке фирмага жумушка орношуп, ошол жерден жолдошу Максат менен таанышып калган. Кийинчерээк Максат ага жактыруу сезимин билдирген.

«Жолдошумду иштеп жүргөндө күн сайын көрчүмүн. Алгач кесиптеш катары мамиле кылсам, кийин ал мага жактыруу сезимин айтты. Башында көп маани бербей жүрчүмүн. Акыры мени айланчыктап жүрүп, өзүнө кантип багындырып алганын билбей калдым. Ал мага баш кошуу сунушун айтып, бирок мусулманчылыкты кабыл алуум керектигин билдирди. Анын бул сунушун кабыл алып, 2008-жылдын май айында экөөбүз баш коштук.

Жолдошум Максат менен 9 жылдан бери түтүн булатып, 3 кызды татыктуу тарбиялап жатабыз. Улуу кызыбыз мектеп босогосун аттаса, эки кызыбыз бала бакчага барышат. Алар атасына окшош»,- деди Ольга Ижик.

Учурда Ольга жеңе үй-бүлөсү менен Нарын шаарында жашайт. Тогуз жылдан бери айыл элинин каада-салтын, кыргыз тилин үйрөнүп, тың келиндердин катарын толуктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8505
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу