Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуСокулук району 27.06.2017 13:35

Айыл турмушу: Сокулуктук 37 жаштагы В.Федоров эски ванналарды жаңыртат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын тургуну Вячеслав Федоров эки жылдан бери эски ванналарды жаӊыртып жасап, жакшы киреше таап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 1980-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөм. Учурда Военно-Антоновкада үй-бүлөм менен жашайм. Бул ишти баштаганыма эки жылдын жүзү болду. Андан мурун жергиликтүү фирмалардын биринде иштечүмүн.

Бир ваннаны жаӊыртып жасоого 2-3 саат убакыт кетет. Ваннаны сырдагандан кийин 7 күн бою кургатуу керек. Бийиктиги 170 сантиметрлик ванна болсо, аны баштан аяк жасап чыккан эмгектин баасы 5 миң сомду түзөт.  Негизи жаӊы ванна алып орнотууга караганда, эски ваннаны жаӊыртып жасоо алда канча арзан түшөт.

Ванна оӊдоп-түзөөдөн өткөн соӊ, кардар келишимдик кагазга кол коёт. Ал келишимде менин эмгегиме 2 жылдык кепилдик берилет. Бирок, иш жүзүндө мен жасаган ванналар 10-15 жыл сынынан кетпей кызмат кылып берет. Келечекте ишканамды кеӊейтип, Кыргызстандын булуӊ -бурчуна филиалдарды ачсам деген тилегим бар», - деди ал.

Уста үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×