Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык А.Кудакеев 600 тоок багып, күнүнө 500дөн ашык жумуртка алат (фото)

Turmush -  Талас районунун Кызыл-Туу айылынын 48 жаштагы тургуну Ажыгул Кудакеев 4 жылдан бери тоок фермасын иштетип келет. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.

Анын айтымында, айылда тоок фермасын ачуу боюнча Бишкек шаарынан атайын окуудан өтүп, бардык шарттарын үйрөнүп келген. Тооктун жөжөлөрүн Бишкек шаарынан алып келип өстүрүшөт. Жумуртка берип бүткөн тоокторду союп сатып, кайра жаңысын алып келишет.

«Азыркы учурда 600 тоок багып жатабыз. Күнүнө 500-550 жумуртка чогултуп, 5,5-6 сомдон дүңүнөн сатабыз. Бизден алган соодагерлер башка жактарга өткөрүшөт. 600 тоок бир күндө 70 кг жем жейт. Жардамчы болгон үй-бүлөм менен барына жетишип жатабыз. Азыр 1200 тоок баккан чарбам бар. Аны дагы чоңойтуу үчүн аракеттер көрүлүп жатат», - деди ал.

Ажыгул Кудакеев 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1153
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×