Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусу, Токмок 27.06.2017 13:13

Айыл турмушу: Чүйлүк уста А.Иманов көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна балдардын аянтчасын куруп жатат (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Он Бир-Жылга айылынын 30 жаштагы тургуну Аслан Иманов 20 жылдан бери устачылык менен алектенип келет. Ал учурда көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна балдардын аянтчасын жана чоӊдор үчүн отургучтарды атайын буйрутма менен жасайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«20 жылдын ичинде устачылыктын бардык түрүн өздөштүрдүм. Темирди ийип, ар түрдүү буюмдарды жасайм. Кандай гана буюм болбосун дал өзүндөй жасайм алам. Буйрутма берген кардарлар мага ыраазы болуп кетишет. Буюмдарды алардын табитине жараша жана өзүмдүн да чыгармачылыгымды кошуп, сапаттуу жана кооз кылып жасап берем. Эмгегимди элдин чөнтөгүнө, абалына жараша баалайм.

Атамдан эрте жетим калып, турмуштун оош-кыйышын эрте көрдүм. Үйдүн улуусу болгондуктан апамды, бөбөктөрүмдү багам деп, устачылыкка эрте аралаштым. Келечекте устаканамды кеӊейтип, өзүмдүн шакирттеримди өстүрүп чыксам деген максатым бар», - деди ал.

Уста учурда Токмок шаарында жашайт. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×