Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусу, Токмок 27.06.2017 10:03

Айыл турмушу: Токмоктук 44 жаштагы С.Кебекбаева 3 жылдын ичинде кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөндү (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Кегети айылында 1973-жылы төрөлгөн Салтанат Кебекбаева 3 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

«Мен учурда Токмок шаарында жашайм. Бул жерде кол өнөрчү чоӊ апалардын тобу бар. Алар ар кандай кооз буюмдарды, азем белектерди, шырдак, кийиздерди жасашат. 2015-жылдан баштап алар менен чогуу жүрүп, кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөндүм. Ошондон бери буйрутмалар менен иштеп, ар кандай кооз азем белектерди, буюмдарды жасап келем. Эмгектеримдин баалары ар кандай. Кеткен чыгымга жана эмгектин көлөмүнө жараша бааланат.

Кардарларым кудайга шүгүр, кээ бир күндөрү жетишпей да калабыз. Айрыкча мектептерден, бала бакчалардан буйрутмалар көп келет.

Кол өнөрчүлүк — бул менин хоббим. Бош убактымда ушинтип кол өнөрчүлүк кылганды жактырам. Өзүм ашпозчулук кесипти алгам», - деди ал.

Чебер кол өнөрчү үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×