Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 26.06.2017 14:30

Айыл турмушу: Таластык 36 жаштагы Г.Жылкыбаева 9 баланын энеси (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Чарба айылынын 36 жаштагы тургуну Гүлнара Жылкыбаева 9 баланын энеси. Аймактык кабарчы «Баатыр эне» менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, эң кичүү баласы 8 айлык. 1999-жылы Кызыл-Чарба айылына келин болуп келген.

«9 балам бар. Алды студент болсо, эң кичүүсү 8 айлык. Алтынай, Айдана, Айганыш, Абилхан, Байтур, Акылзат, Байказы, Акак, Айзирек деген 6 кыз 3 уулум бар. Алардын ар биринде ар түрдүү кыял-жорук бар. Мисалы кээ бирин алдап тарбияласаң, кээ бирлерине урушуп тарбия беребиз. Балдарыбыздын ичинен эрте тили чыккандар, кеч басып, кеч тили чыккандар да бар. Балдарыма көпчүлүк учурда өз колуман кийимдерин токуп-тигип берем. Айыл ичинде эң жаш «Баатыр эне» менмин. Жашоо-шартка байланыштуу балдарыбызга жөлөк пул албайбыз. Көп балалуу үй базар, дасторконго чогулганда бир бөлмөнү өзүбүз эле элейбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×