Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 24.06.2017 16:09

Айыл турмушу: Караколдук С.Искаков жыгач, териден жасаган буюмдарын 1 миң долларга чейин баалайт (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 56 жаштагы тургуну Сүйүнүч Искаков жыгач, териден саат, камчы өндүү ар кандай буюмдарды жасайт. Аймактык кабарчы кол өнөрчүнүн эмгектери менен таанышты.

С.Искаковдун айтымында, ал кесиби боюнча чийүү жана сүрөт мугалими. Союз тарагандан кийин ишсиз калып, кол өнөрчүлүк менен алектенип баштаган.

«Жыгач, мүйүздөрдү досторум, туугандарым алып келип беришет. Ордуна ар кандай азем-белектерди жасап берем. Тактайларды цехтерден сатып алам. Жасалган буюмдардын кичинекейлерин шаардагы дүкөндөргө, чоңдорун Бишкектеги ЦУМ соода борборуна сатыкка чыгарам», - дейт ал.

С.Искаков белгилегендей, анын буюмдары көлөмүнө жараша 100 сомдон, 1 миң долларга чейин бааланат.

«Мен 10 бир тууганмын. Алардын ичинен кол өнөрчүлүккө кызыккан мен эле болдум. Кичинекей кезимде эле өз колум менен буюмдарды жасаганды жактырчумун. Кийин адистигим боюнча иш жок калганда, талантым, хоббим менен киреше таба баштадым. Буюртма түшсө, эргүү келгенде гана жасайм», - дейт уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×