Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 24.06.2017 12:08

Айыл турмушу: Таластык К.Буланбеков жасаган бугунун башын сатып алгысы келгендер көп (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Чарба айылынын 47 жаштагы тургуну Кабыланбек Буланбеков бир кезде жасаган бугунун башын сат деп кызыккандар көп. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, жасалган бугунун башына тагылган мүйүз Тувадан алынып келинген.

«Кичинекей кезимен эле усталыка шыктуу болуп чоңойдум. 22 жашыман баштап ээр, комуз чаап баштадым. Ал убакта жасалган нерселеримди чоң атамдарга белекке бердим. 30 жашымда бугунун башын жасадым. Бугунун мүйүзү Тува шаарынан бир канча жыл мурун алынып келинген экен. Колдон колго өтүп менин колума тийди. 30-40 жылдык талдан бугунун башын жасадым. Жасоо иши 1 жума убакытты алды. Бугунун жашын мүйүзүнөн билинет. Бул муйуз 7-8 ачакай. Жасалган бугуну 300 долларга баалап сат деп келгендер болгон. Бирок мүйүзү табылбасын билип сатпай келем. Үйгө келип кызыгып көрүп кеткендер болот», - деди ал.

Уста жубайы Гулнара айым менен 9 баланы тарбиялашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×