Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 24.06.2017 11:26

Айыл турмушу: Чүйлүк К.Токтогонов ат жабдыктарын жасап Канада, Германияга чейин жөнөтөт (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Ала-Тоо совхозу айылынын 36 жаштагы тургуну Кубан Токтогонов жасаган ат жабдыктарга Канада, Россия, Германиядан буйрутмалар келет. Уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, ат жабдыктарын жасоону 16 жашында баштаган.

«Өзүм кичинемден жайлоого чоң атамдыкына барчумун. 11 жашымдан баштап ат миндим. 16 жашымдан баштап ат жабдыктарын жасап баштадым. Кой жайып жүрүп жүгөн таап алып, ыдыратып ошону өрүп үйрөндүм. Анан кызыгуу пайда болду. Бош убагымда жасай бердим. Дос баламдан 4 өрүм кылып өргөндү үйрөндүм. Бүгүнкү күндө 4 өрүмдөн 32 өрүмгө чейин өрөм.

Ал эми, жүгөндүн 5 түрүн өрөм. Бир комплект ат жабдыгынын ичине: жүгөн, ээр, куюшкан, көмөлдүрүк, тердик кирет. Мен камчысын дагы кошом. Баалары кайыштын кабатынан, өрүлгөнү татаал-жеңилинен көзкаранды болот. Жасагандарым 30 миңден өйдө сатылат. Немис улутундагы досум буйрутма кылып ат жабдык алган. Германиядан көргөндөр да буйрутма беришти. Ошондой эле буйрутмалар Канададан 1000 долларга келди. Россиядан буйрутмалар келип, жасап жөнөткөм», - деди ал.

Уста жубайы экөө 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×