Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусуСокулук району 24.06.2017 10:12

Айыл турмушу: Сокулуктук жылкычы Амантур жайлоодо кымыз ичип эс алуучу жай иштетип жатат (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Төш-Булак айылынын 27 жаштагы тургуну Эсенкул уулу Амантур 7 жылдан бери жайлоого чыгып, бээ саап, эс алуучуларды кабыл алып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн.

«Мен бул иш менен 7 жылдан бери алектенип келем. Жайлообуз Сокулук районунун Төш-Булак айылына жакын жерде жайгашкан. Учурда колумда саан 10 бээ бар. Күнүнө 40-50 литр кымыз жасайбыз. Эс алуучуларү жакшы эле келишет. Анын үстүнө кымыз ичип, жайлоого эс алып кетүүнүн ден соолукка болгон пайдасын билгендер көбөйүп калды. Сүттүн 1 литри 150 сомдон, жатаканага 150 төшөнчүлөрүн алып келсе сом. Төшөнчүлөрдү биз берсек күнүнө 250 сом төлөнөт.

Ошондой эле, тамак-аштарын өздөрү жасап ичишет. Биз болсо керектүү шарттарын түзүп, газ, плитасын беребиз. Келечектеги максатым, чоң бээлерди көбөйтүп, катеждерди дагы куруп, кеңейтип элимдин эс алып кетүүсүнө мыкты шарт түзүп берсем дейм», - деди ал.

Жылкычы үй-бүлөлүү. 1 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×