Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 23.06.2017 17:45 Жаңыланды: 23.06.2017 18:50 На русском

Айыл турмушу: 11 жашында чачтарач болгон М.Алимовду 20 жыл мурунку кардарлары да издеп барат (фото)

Turmush -  Музафар Алимовду Ош шаарында көпчүлүк чачтарач катары жакшы таанышат. 40 жаштагы каарманыбыз 11 жашынан тартып ата кесибин улап баштаган. 13 жашында такшалган чачтарачты Бишкектен тартып, Кыргызстандын булуң-бурчунан издегендер арбын.

«1990-жылдан 1997-жылга чейин эркектердин чачын кыркып иштегем. Андан кийин кызыгуум артып, аялдардын чачын кырка баштадым. Көпчүлүк кардарым эмне үчүн көп экенин, сырын сурашат. Бирок, эч кандай сыр жок. 1997-жылдары чычын формага салдырткандар бүгүнкү күнгө чейин издеп келишет. Ошол кездеги студент кыздар азыр эне болуп калышкан. Менин ийгилик жараткан куралым — жакшы мамиле. Жогорку органда иштеген, базарда отурган адамдарга, студенттерге жана окуучуларга бирдей мамиле кылып, бирдей акы алам. 

Негизи аялдар менен иштөө оор. Биринин маанайы жок келет, кээ бирине кыркылган чачы жакпай калат. Андай учурда ортодо түшүнбөстүк жаралат. Көйгөй жаратпоо үчүн 20 жылдан бери күн сайын ар бир кардарга этияттык менен мамиле кылып иштейм», - деди ал.

Музафар мырзанын кардарлары көп болгондуктан, алдын ала жазылган кардарларга гана кызмат көрсөтөт.

«Үйлөнгөндөн кийин келинчегиме да өз кесибимди үйрөтүп, жаныма ишке орноштуруп алдым. Учурда уулубуз да биздин катарыбыздан орун алып, үй-бүлөбүз менен өзүбүз ачкан салондо иштеп жатабыз. Бул жумуш сырттан караганда оңой көрүнүшү мүмкүн. Бирок, ар бир иштин кыйынчылыгы бар. Жыл, ай алмашкан сайын чач жасалгалоонун жаңы үлгүлөрү чыгып жатат. Буга чейин Ош шаарындагы чач тарачтар арасында окуулар болуп турчу. 2010-жылдан тартып токтоп калгандыктан, республикалык курстарга катышып жатабыз. 30-июнда Бишкекте өтүүчү семинарга Ош шаарынан 4 гана чачтарач чакырылды. Анын бирөөсү менмин. Ал жактагы семинарлардын тепкичтеринен ийгиликтүү өтсөк Россияга жолдомо берилет», - деп кошумчалады.

Музафар мырза республиканын бардык облустарындагы көрүнүктүү чачтарачтар менен тажрыйба алмашып турат. Ошондой эле, бул багытта сынактарга катышып, бир катар диплом, сертификат жана грамоталар менен сыйланганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×