Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуСокулук району 23.06.2017 17:03

Айыл турмушу: Сокулуктук А.Жеңишбеков оймо-чиймелүү брусчаткаларды жасап, 1 чарчы метрин 400 сомдон сатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 23 жаштагы тургуну Анвар Жеңишбеков 2 жылдан бери оймо-чиймелер түшүрүлгөн брусчаткаларды жасап, ишкерлик кылып келет. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

«Бала кезде жеке ишкер болсом деп кыялданчумун. Ал эми, оймо-чиймелер түшүрүлгөн брусчатканы жасоо идеясы мындан 3 жыл мурун Россияда иштеп жүргөндө келген. Жасоо технологиясын интернеттен үйрөндүм. Брусчатканын сапаты мыкты болуш үчүн цементтин М500 үлгүсүн колдоном. Жылмакай жана тегиз болуш үчүн пластификаторду колдоном.

Негизи кыш мезгилинде кардарлар азаят. Жаз келгенден баштап, күз аяктаганга чейин иш үзгүлтүксүз жүрөт. Мындай убакта тыным жок болот. Күнүгө болжол менен 50 чарчы метр брусчатка чыгарам. Анын 1 чарчы метри 400 сомдон сатылат. Мындан сырткары тротуар плиталарын, бордюрларды да жасайм», - деди ал.

Жаш ишкер Сокулук районунун Төш-Булак айылында 1994-жылы төрөлгөн. Кыргыз экономикалык университетинен билим алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×