Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 23.06.2017 16:31

Айыл турмушу: Англис тилчи О.Кузьмина унаанын отургучтары үчүн жабдууларды жасап, 3,5 миң сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Олеся Кузьмина көп жылдардан бери унаанын отургучтары үчүн жабдууларды жасап келет. Ал Ысык-Ата районуна караштуу Красная-Речка айылында 1981-жылы төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бул иш менен алектенип жатканыма 13 жыл болду. Атамдын автоунаа оңдоочу ишканасы бар эле. Ал киши башында жеӊил автоунаалардын отургучтарына жабдууларды жасачу. Аны менен биз дагы аралашып жүрүп үйрөндүк. Кийин Кыргызстанда кичи автобустар пайда боло баштаганда аларга биринчилерден болуп жабдуу тигип баштадык.

Кардарлардын буйрутмасына жараша эмгек акыбыз бычылат. Айрымдары кымбат баадагы кездемелерден тиктирип, кооздоттурушат. Болжол менен бир жабдуу 900 сомдон 3500 сомго чейин бааланат. Учурда мени менен 7 адам иштеп жатат», - деди ал.

Азыркы тапта кол өнөрчү үй-бүлөсү менен Ивановка айылында турат. Ал эки баланын энеси. Кесиби англис тили боюнча котормочу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×