Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 23.06.2017 14:13

Айыл турмушу: Кыргызстандын мыкты машыктыруучусу У.Токталиев эл аралык класстагы спорттун 7 чеберин чыгарды (фото)

Turmush -  Сокулуктук Урмат Токталиев кикбоксинг жана эр таймаш боюнча спорттун чебери болуп, Кыргызстандын «Мыкты машыктыруучусу» наамын алууга жетишкен. Ал 1983-жылы Сокулук районуна караштуу Шалта айылында төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Сокулуктагы мектеп-лицейди 2000-жылы аяктап, 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын бүтүргөм. 1995-жылдан бери кикбоксинг, ушу саньда жана эр таймаш менен машыгып келем. 2001-жылы кикбокс, 2002-жылы эр таймаш боюнча спорттун чебери, 2012-жылы Кыргызстандын «Мыкты машыктыруучусу» жана ушул эле жылы Сокулук районунун «Мыкты машыктыруучусу» наамдарын алгам.

2000-жылдан баштап окуучуларды машыктырып келем. Быйыл бул багытта жүргөнүмө 17 жыл болуптур. Ушул жылдын ичинде 4 окуучум эр таймаш боюнча дүйнөлүк мелдеште коло, 3 окуучумдун экөө Азия чемпионатында 2 күмүш алышты. Ошондой эле, эл аралык класстагы спорттун 7 чеберин чыгардым. Бул ийгиликтерге жеткен жаштардын көбү Шалта айылынан болушат. Келечекте дүйнө чемпиондорун машыктырып чыгарсам деген тилегим бар», - деди ал.

Машыктыруучу үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы.

«Айкен, Арууке жана Аэлита аттуу 3 кызым бар. Өзүм 2 бир туугандын улуусумун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×