Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 23.06.2017 11:43

Айыл турмушу: Бокс боюнча Кыргызстандын 6 жолку чемпиону А.Таласбаев 23 жашында эл аралык класстагы спорт чебери болгон (фото)

Turmush -  Спортчу Асылбек Таласбаев Ысык-Ата районунун Люксембург айылында 1982-жылы төрөлгөн. Ал 23 жашында эл аралык класстагы спорттун чебери болууга жетишти. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Окуучуларды машыктырып келе жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Өзүм 1989-1999-жылдары Люксембург орто мектебинде окуп, 1999-2004-жылдары дене тарбия жана спорт институтун аяктагам. Андан кийин 2004-2007-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын окуп бүткөм.

12 жашымда бокс менен машыгып баштагам. 18 жашымда Кыргызстанда спорттун чебери, 23 жашымда эл аралык класстагы спорттун чебери наамын алгам. Кыргызстандын 6 жолку чемпиону болгом. 2003-жылы бокс боюнча Пакистанда өткөн мелдешке катышып, Грецияда өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо алгам. 2008-жылы Казакстандын Астана шаарындагы мелдешке катышып, Кытайдын Пекин шаарындагы беттешке жолдомо алгам. 2009-жылы Азербайжандын Баку шаарында дүйнөлүк чемпионат өтүп, ал жактан 2-орунду алып келдим. 2010-жылы Кытайдын Пекин шаарындагы дүйнөлүк мелдеште 2-орунду жеӊдим. Ушул эле жылы Россиянын Москва шаарында өткөн мелдеште 3-орунду камсыздадым», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×