Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусуТалас району 23.06.2017 11:00

Айыл турмушу: Таластык Б.Тургунбаева келиндери менен сувенир саткан дүкөн иштетип жатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнүн 67 жаштагы тургуну Бүбүкан Тургунбаева бала кезинен кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2002-жылы келиндери менен биргеликте «Манас Ордо» улуттук комплексинде сувенир саткан дүкөн ачып, өздөрү жасаган эмгектерин ошол жерде сатып келишет.

«Биз азыркы тапта Кытайдан келген кийизди колдонуп жатабыз. Эгерде кыргыз жүнүнөн кийиз жасаган цех Таласта ачылса биз ошол жактан алат элек. Дүкөндө кийизден жасалган сувенир, көрк берүүчү каражаттардан тышкары кайыштан жана шуру мончоктон жасалган эмгектер бар. Аларды Таластын ар кайсы жеринен усталар алып келип коюшат. Бизге туристтер көп келсе эле ишибиз жакшы жүрүшөт. Азыр сезон башталып келе жатат», - деди ал.

Кол өнөрчү 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×