Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 23.06.2017 10:15

Айыл турмушу: Таластык М.Бекетаевдин тайгандары салбурундарда алдыңкы орундарды ээлейт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 58 жаштагы тургуну Майрамбек Бекетаев бала кезинен бери таза кандуу кыргыз тайганын багып, салбурунга түшүп келет. Аймактык кабарчы аңчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, атасы тайгандын энесин Нылды айылынан бир топ жыл мурун алып келген.

«Бала кезимден бери мал менен чоңойгондуктан тайгандарды жаныма ээрчитип жүрчүмүн. Кийинчерээк саны көбөйө баштагандан кийин тайган багууну туура көргөм. Учурда 7 тайганым бар. 3-4 тайганым 5-6 жылдан бери салбурунга түшүп, акчалай сыйлыктарга жана грамоталарга татыктуу болуп жүрүшөт. Буларга 2 маал тамак жасап берип, 1 жылда 2 жолудан дарылатып турам. Багылып жаткан тайгандардын улуусу 7 жашта болсо, кичүүсү 3 жашта. Мага көбүнчө улак чапкандар келип, салбурунга катышуу үчүн тайгандарды сурап кетип турушат», - деди ал.

Майрамбек Бекетаев асыл тукум мал багуу менен да алектенет. Жубайы экөө 5 баланы тарбиялашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×