Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: Кавказдан келген Мудалиф аксакал 37 жылдан бери асыл тукум күлүктөрдү багууда (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылынын 81 жаштагы тургуну Мудалиф Каракетов 37 жылдан бери асыл тукум жылкыларды багат. Аймактык кабарчы аксакал менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, улуту карачай. Кавказдагы Жегетей айылында туулган. Кыргызстанга 1943-жылы көчүп келишкен.

«1943-жылы 2-ноябрда Сталин буйрук берип, карачайларга болгон кысымды күчөткөн. Ошол жылдары бир топ карачайлар менен чогуу Кыргызстанга көчүп келгенбиз. Жергиликтүү эл бизди өз кучагына алып, катарынан орун берип, Чүй өрөөнүнө орун-очок алып жашап калдык. 1980-жылдан баштап асыл тукум аттарды багууга өттүм. Бүгүнкү күндө 81 жашка келсем да чарбамдын ишин тың жүргүзөм. Асыл тукум аттарды канчалык жакшы карасаң, ошончолук өзгөчөлүгү артат. СССР убагында Даль деген тулпарым, Магна деген бээлерим рекорд коюп, элге таанымал болгон. Биздин тулпарлар Northen Dancer, Roberto, Mr Prospector деген жылкылардан тараган.

Ат баккан адамдар бири-бирибизди таанып калат экенбиз. Кимде кайсы ат бар, кандай жыйынтык көрсөттү, кимге сатылды деп Кыргызстандын булуң-бурчундагы ат баккан адамдардын бары кабардар болуп турушат. Кудайым буйруса бул өнөрүмдү балдарыма үйрөтүп, Кыргызстандын асыл тукум аттарын дүйнөлүк деңгээлге чыгарсак деген максатым бар», - деди ал.

Мудалиф Каракетов 2 кыз, 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3164
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу