Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 23.06.2017 08:30 На русском

Айыл турмушу: Ош шаарындагы өтүкчү З.Балтабаевди алыстан издеп, 20 жылдан бери барган кардарлары бар (видео)

Turmush -  Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну Зиядин Балтабаев 20 жылдан бери өтүкчүлүк кесипти аркалап келет. Ата жолун жолдогон мырза балдарына да өз кесибин үйрөтүп жаткан учуру. Албетте, кардарларынын көңүлүн таап, ишти алып кетүү оңой эмес. 20 жыл аралыгында көптөгөн кардарларды топтоого жетишкен Зиядин алардын ар бирине кубаныч тартуулаганды жактырат.

Анын бут кийимдерин тигип бергенине ыраазы болуп, 20 жылдан бери келүүчү кардарлары да бар.

«Менин атамдын жашы 70ке келип калса дагы иштеп келет. Союз убагында 40 жыл бут кийим тигип эмгектенген. Мен жаш кезимден атамдын жанында жүрүп, бул кесипти үйрөнүп алдым. Алгач кыйналып жүрүп, 1 жылда толугу менен бул иштин устасына айландым. Каалоочу жаштарга дагы өзүмдүн билгендеримди үйрөтүп келем», - деди ал.

З.Балтабаев орто билимге ээ болгондон кийин өз алдынча бут кийим тигип баштаган. Учурда үй-бүлөсүн ак эмгеги менен багып келет.

«Менин 4 уулум бар. Эң чоң уулум жардам берип калды. Балдарымдын баарына өзүмдүн кесибимди үйрөтөйүн деп жүрөм. Өнөр адамды эч качан жерде калтырбайт. Ар бир келген кардарымдан ыраазычылык угуу мага рахат тартуулайт. Мен сапаттуу кылып тигип берем деп ойлойм. Анткени мени издеп Баткенден, Алайдан дагы келген кардарларым, ал тургай 20 жылдан бери үзгүлтүксүз келген кардарларым бар», - деди З.Балтабаев.

Ар бир кесип ардактуу экенин белгилеп, өзүнүн кылган жумушуна канааттанып иштеп жаткан каарманыбыз жогорку окуу жайда билим албаганына өкүнбөйт. Ал өтүкчүлүк кирешелүү тармак экенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×