Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 22.06.2017 15:59

Айыл турмушу: Тоңдук А.Алсеитова жалаң чүкөлөр менен шөкөттөлгөн этно кийимдерди көргөздү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Ак-Сай айылында жашаган тарыхчы мугалим Асел Алсеитова Каракол шаарында өткөн «Улут баскан улуу жол» фестивалына катышты. Ал топчулардын ордуна жалаң чүкөлөр менен шөкөттөлгөн этно кийимдерди алып чыгып, аларды жасоо себебине токтолду.

«Кыргыздар бул кийимди жалаң кыздарды удаа төрөп, эркек балалуу болууну каалаган энелерге кийгизчү. Андан сырткары, чүкөлөр чүрөктөй сулуу кыз-келиндерди суук көздөн сактайт деп чоң энелер айтчу», - деди Асел Алсеитова.

Ал алыскы Ак-Сай айылында мугалим болуп эмгектенип, башка тоңдуктардай эле кийиз боюнча кол өнөрчүлүк менен алектенет. Жолдошу фермер Чыңгыз Муңайтпасов экөө Айнур жана Ариет аттуу уул-кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×