Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 22.06.2017 14:29 На русском

Айыл турмушу: Таластык дыйкан С.Абдырахманов 4 трактору менен иштеп жатат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Ак-Башат айылындагы дыйкан Сатылган Абдырахманов лизингге алган 4 трактору менен айыл чарба иштерин бүтүрүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, тракторлордун бири чөптөрдү майдаласа, бири төө буурчакты дарылайт. Дагы бири менен чөптөр түктөлүп, тоют даярдалып жатат. Техникалардын жардамы менен быйыл төө буурчакты мурунку жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк айдап, учурда сугат иштерин жүргүзүп жатат.

Быйылкы жылы Кара-Буура районунда бир унаа майдаланган чөп 12-13 миң сомго бааланууда. Азыр райондо бир түк чөптүн баасы 60-65 сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×