Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 22.06.2017 14:21

Айыл турмушу: Ысык-аталык дыйкан Э.Будаков 50 гектар жер иштетип, 4 сотыхка күнөскана курду (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Туз айылынын 30 жаштагы тургуну Эрмек Будаков 50 гектар жер иштетип, кошумча 4 сотых жерге күнөскана курду. Дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.

«Туз орто мектебин аяктап, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүргөм. Атам да, апам да дыйкандар. 20 жыл ушул тармакта эмгектенишкен. Алардын ишин биз улантып келе жатабыз. Жыл сайын 50 гектар жерге арпа, жүгөрү, беде айдайбыз. Андан сырткары, кой, жылкы, саан уйларды багабыз. Ошондой эле, мындан 3 жыл мурун 4 сотых жерге курулган күнөсканага помидор жана бадыраӊ өстүрүп жатабыз», - деди ал.

Эрмек Будаков өкмөт дыйкандар үчүн насыялардын бир бөлүгүн төлөө убактысын узартып жана пайыздык жеңилдетүүлөрдү түзүп берсе, айыл элинин жашоо шарты өнүкмөк деген оюн билдирди.

«Айыл чарбада бир топ маселелер бар. Мисалы, айыл тургундары үчүн сүттүн баасын көтөрүп беришсе жана аны иштетүүнүн жолдорун табышса жакшы болмок. Себеби, элеттик тургундардын көбү ушул мал чарба, айыл чарба менен алектенет. Мындан тышкары, ветеринарлардын билимин тереӊдетип окутуп, керек болсо чет өлкөлөргө тажрыйба алмашууга жиберүү керек», - деди ал.

Дыйкан үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×